Куланак:Медиктердин биринчи жардамчысы болуп келген А.Д.К

726

Айылдык  Ден соолук Комитеттери-Нарын райондук үй- бүлөлүк медициналык борборунун астында 2008-жылы түзүлгөн. 2008-жылдан бери айыл тургундарын көптөгөн маалымат менен камсыз кылышып эмгектенип келишет.

20150421_112130

Область боюнча 1700,Нарын району боюнча 58 А.Д.Комитети бар.27 айыл менен иш  жүргүзүшөт.30 А.Д.комитети бар,чоң-чоң айылдар 2ге бөлүнгөн.М:Куланак батыш, Куланак чыгыш деп.Мектептерге таза тиш,гигиена,туура тамактануу,бурцеллёз ж.б.у.с сабактарды өтүп келишет.

“ Бизге маалыматты Нарындан Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы ден соолук комитетине Бишкектен келип окутушат кайра аны биз А.Д.Комиттерин окутабыз, алган маалыматты айыл тургундарына жеткизишет” –дейт Нарын райондук үй- бүлөлүк ден-соолукту чыңдоо кабинетинде адис болуп иштеген Алтынбек Амантуров.

 20150421_124645

Куланак айылынын А.Д.Комитетинде иштеген Асыкулова Нарынкүл эженин иштегенине көп болгон,айыл тургундары таанып ишеним көрсөтүшөт.

“2010-жылдары айылды кыдырып,давление ченеп,брашураларды таратып жатканда –сен медиксиңби деп көп сурашты.Азыр болсо бизди элдер түшүнүп калды,келишип давлениемди ченеп берип койчу,мурункудай перчатки барбы,дагы кандай брашуралар бар – деп өздөрү кызыктар болуп калышты.Чоң айылга иштеш кыйын эле.Үймө-үй кыдырабыз.Өзүбүздүн  мүчөбүз 10 киши болуш керек эле,азыр аз болуп жатабыз.Аз болгонубуздун себеби: 10 болуп да толуктаганбыз, баардык нерсе акчага келип такалат экен.Финансы бөлүнбөгөндүктөн  көп келиндер чыгып кетишкен.Биздин максат айыл тургундарын медициналык тил менен эмес жалпак тил менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. А.Д.К-  алкоголизм,туура тамактануу, таза тиш, гигиена, жугуштуу оорулар, тамеки чегүү ,анемия тууралуу маалыматтарды берип  келебиз.Коомдук жайларга тамекинин зыяндуулугу ж-дө брашураларды илип кетебиз.Айылда тегерек столдорду өтүп турабыз.Элдерден ,окуучулардан ар кандай темада анкеталарды алабыз”.

20150421_124614

“Бишкекте уюшулган ассосиациясы жана “Центр Укрупление Здоровьи” бар ден соолукту чыңдоо кабинеттерине ошол жерден маалыматты таркатуу үчүн материалдарды беришет.

А.Д.Комитетин ким каржылайт, келечеги кандай дегенибизде төмөндөгүчө жооп алдык.

АДКомитетинин келечеги кең. Буга чейин Красный крест- швецария колдоп келген,азыр ассосиация колдоп жатат жана ар кандай проектилер келип турат. Келген проектилерди  Айыл өкмөтү,мектеп, бала-бакча,айылдык депутаттар колдоп турса эле иштери алга жылып турат.Бүгүнкү күндө “Өзүбүздү өзүбүз  баалоо” деп сабак өттүк. 2014-жылы жасалган иштерге анализ жүргүзүп,2015-жылга план түздүк “- дейт Алтынбек  Амантуров.

Дайыма эл менен тыгыз иштеп келген Батыш,Нарынкүл,Рита,Нурзада эжелерге Алтынбек байке ыраазычылыгын билдирет.

“Бир сом акы албай айылды түрө кыдырышып иштешет.Эжелерде патриоттук сезим күч”.

Эч кимден акы сурабай ,элге жардамын аябабаган,медиктердин биринчи жардамчысы болуп келген АД.Комитенин  иштерине ийгилик каалайбыз.Ойлогон максаттары иш жүзүндө көрүнүп бар болушсун демекчибиз.

Даярдагандар: Айзат Түмөнбаева , Самара Ырыскелди кызы.

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка