Куланак: Баккан эмгегине ВПООНдон май менен ун 2 жыл берилет.

779

20150421_143031

Январь айынан бери ВПООНдун проектиси менен Нарындан 2 айыл тандалып, анын бирөө Учкун айыл өкмөтү.Иш чаранын максаты аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо жана айлана чөйрөнү жашылдандыруу, мөмө жемиш  бактарынын көчөттөрүн отургузуу.

“ Жалпысынан Учкун айыл өкмөтүнө 800 мөмө жемиш бактары келген. 450  Куланак айылына 350 Учкун айылына тигилет.Тегеректери тосулган жерлерге тигилүүдө, талаага тиккенде келечеги болбой калат. Келген мөмө жемиш бактары 3,5 гектарга тигилет.20 сотых жерге тигилген бактарды  багууга аз камсыз болгон 10 үй бүлө бөлүнгөн. Баккан эмгегине ВПООН дон май менен ун 2 жыл берилип турат.

Училищага,больницага,мектепке тигилди” дейт Учкун айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адиси Бусурманкулов Майрамбек.

20150421_145035

Бүгүнкү күндө мектеп окуучуларынын жана тех персоналдардын жардамы менен мектептин айланасына жалпысынан 63 мөмө жемиш бактары тигилди. Аз камсыз болгон үй бүлөлөргө эле таратып беришсе болмок беле деген сурообузга төмөндөгүчө жооп алдык.

“Үйлөргө таратканда менчик болуп калат,проектинин бирден бир  максаты болуп тигилген бактар айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчиги болуш керек.Муниципалдык деген сөз жалпы элдики ,айылдыкы деген сөз. 5 жыл ичинде багып туруп, айыл өкмөтүнүн кароосуна өткөзүлүп берилет”.

20150421_143056

Атайын комиссия иштелип чыгып, тигилген бактарды багууга аз камсыз болгон үйбүлөлөрдү категориялар боюнча бөлүштүрүлгөн. Айыл өкмөтүнүн тизмесиндеги аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү соц жардамдан  адистер келип тактагандан кийин гана мөмө жемиш бактары айылга келип, отургузулуп жатат.

Тоолу Нарын районунда саналуу гана айылдарга мөмө жемиш бактары бышат.Биздин Куланак айылын Нарындын Чүйү деп да аташат. Тигилген мөмө жемиш бактары өспөй  куурап калган болсо, ордуна кайра мөмө жемиш бактары берилбейт экен.

Андыктан берилген мөмө жемиш бактарын жакшылап багып ,келечек муундар  мөмөсүн үзүп жегидей болсун демекчибиз.

Даярдагандар: Айзат Түмөнбаева, Самара Ырыскелди кызы.

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка