Сынакта калыстык болбоду

810

20150415_025123Жаш инспекторлордун облустук сынагына Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор районунан жана Нарын шаарынан жалпы 6 команда катышты. Ак-Талаадан ЮИДД командасы катышып келди.

20150415_042121

Аталган сынак бир канча жылдан бери окуучуларды жол эрежелерин үйрөтүп, кырсыктарды алдын алууга тарбиялоо максатында облустук ички иштер бөлүмүнүн уюштуруусу менен райондор арасында өтүп келет. Командалардын тапшырмаларды аткаруу тартибин баалоо үчүн калыстар тобу иштеди.

 

20150422_105328

Ак-Талаа районунан барган команданын капитаны Б. Бараканова сынактын жыйынтыгына нааразычылыгын мындайча билдирди.

20150415_025245“Биз жыл сайын ушул сынакка келебиз. Бирок калыстар тобу дайыма баш байгени М. Сыдыков атындагы орто мектебинин командасына алып беришет. Бул жолу да ошондой кылышты. Ат-Башыдан келген команда күчтүү, даярдыктары жакшы экен. Калыстар ага карашкан жок. Эгер алардын максаты татыктууну эмес, аталган мектептин командасын тандоо болсо, анда бизди да, өздөрүн да убара кылбай эле бере берсе болмок экен”.

20150422_105328

Даярдаган: Айдай Рахатбекова

“Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка”