Карындашын көп жылдар бою күткөн токтояндык Бекбоо карыя

648

image

Токтоян айылынын тургуну Бекбоо Абдылдаев согуш жылдарында жоголуп кеткен карындашын издеп келет. Карындашы Украинадан дайынсыз жок болуп кеткен.

«Бизди байдын тукумдары, өкмөткө каршы деп кулакка тартып Украинага айдашты. Мен Кыргызстандан 3 жашымда кетиптирмин. Украинадан төрөлгөн болчу. Аты Абдылдаева Лида Бөдөнбаевна. Карындашым калып калган бойдон мен биякка келдим. Анда мен жаш келип калдым. Анан келгенден кийин 1941-жылы согуш чыгып кетти. Биз балдар үйүндө болгонбуз, ошол жактагы жетим балдардын баарын немецтер өз жерине алып кетишти. Ошол боюнча эле калып калды. Балким Лиданы да алып кетишкендир…» , — деп эскерди ал.

image

Украинада атайын кыргыздардын кыштагы бар болчу Чалбас деген. Украинага айдаган байлардын баары ошол жакта болчу. Карындашым ошондо согуштан мурун жоголгон», — деп билдирди Бекбоо ата.

Азыр Бекбоо ата кичүү баласынын колунда турат. Биринчи неберем төрөлгөндө карындашым «Чалбас» деген кыштактан жоголгонуна байланыштуу эстеп жүрөйүн деп Чалбас деп койгом, дейт Бекбоо Абдылдаев.

image

Даярдаган: Адина Осмонова, Гүлжан Нуркасым кызы.

«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»