Тасмада иттерге ветеринардык күбөлүк берилүүдө

675

image

Маданияттын өсүүсү адамдарга эле эмес үй жаныбарларына да таасирин тийгизүүдө. Иттерге эмне үчүн күбөлүк берилип аткандыгы туралуу ветеринар Ибраев Турус кенениреек айтып берди.

«Иттерге күбөлүк бергенибиздин себеби эхинококк орусу менен адамдар оруй баштаганына байланыштуу болууда. Дайыма үч ай сайын ошол күбөлүк менен каттап, дарысын берип, кутурма оорусунун ийнесин да жылына бир жолу куюп турабыз» , — деп токтолду айылдык ветеринар.

image

Иттерге күбөлүк берилгени абдан жакшы болду дейт Абдылдаев Качкын.

«Эхинококкко каршы дары укол да куюп кетти. Ошону менен бирге күбөлүк берди. Иттерге даары берип кеткени да абдан жакшы болду. Ветврачтардын кеңеши менен биз алдын ала карап турабыз», — дейт Абдылдаев.

image

«Аракетке берекет» дегендей бул аракеттин жыйынтыгы жакшы болуп, айыл тургундары жана үй жаныбарлары эхинококк оорусуна чалдыкпашына тилектешпиз.

Даярдаган: Бекзада Темирбек кызы, Перизат Нурлан кызы.