Үч-Корон: Жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор кооптуу абалда

775

IMG-20150421-WA0033Бул маселе боюнча ушул күнгө чейин эч ким көңүл бурбаганы жана бир топ кырсыктар да болуп өткөнү эчкимге сыр эмес. Анткени бул боюнча Үч-Коргонго барып изилдегенибизде чындыгында бул көйгөйдүн чечилүүсү тууралуу малымат ала албадык.IMG-20150421-WA0035Үч-Коргон айылынын тургундарынын айтымында, жол четиндеги жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор өтө начар жана жөө жүргөнгө кооптуу. Белгилей кетсек, жолдун начарлыгы мектеп окуучуларына да коркунуч туудурууда.

IMG-20150421-WA0012Мектеп окуучулары мектептен кайтканда ушул кооптуу жолдордон жүрүүгө аргасыз болушат. Биз бул туурасында маалымат алуу үчүн айыл өкмөтүнө кайрылгныбызда бизге маек берүүдөн баш тартышты.

IMG-20150421-WA0011Бул көйгөйдү жергиликтүү бийлик карабаса, карапайым эл эмне кылуусу керек? Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу эч кимди кызыктырбаса, кырсыктар жылдан жылга өсүүсү токтобойт.

Үч-Коргон мультимедия боробрунун кабарчылары бул көйгөйгө буга чейин да токтолгон. Бирок ушул күнгө чейин бул боюнча эч кандай жылыш байкала элек.

Даярдаган: Гулиза Жээнбаева, Сапарали Абдилла уулу

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка