Суусамырдыктар депутаттын берген убадасын күтөт

880

image

Бүгүн 21- апрелде Суусамыр айылында Жогорку кеңештин депутаты Туратбек Мадылбековдун эл менен жолугушуусу болду. Чогулушта эң башкы маселе болуп, Бишкек-Ош жолундагы кайрылыштан Суусамыр айылына чейинки жолдун бузулушу көтөрүлдү.

image

Андан тышкары катышуучулар пенсия, жөлөк пул, жайыт, мал уурулук күчөп жаткандыгын, жазгы айдап-себүү тууралуу айтышты.

image

Акырында депутат Туратбек Мадылбеков 13 км жолго шагыл-таш түшүрүп оңдотуп берээрин жана арзандатылган күйүүчү май, үрөн алууга жардам берерин айтты. Айыл тургундары «эми жыйынтыгын күтөбүз» дешти.