Кызыл-Туу айылынын сырлуу жерлери

2771

20150417_183922Мындан көп жыл мурда Токтогул шаарчасы археологдордун изилдөөсү боюнча Хайлама же Хайларам деген шаар болгон.  Ал убакта бул жерде сактар (уруу) жайгашкан. Ал эми Кызыл-Туу айылы, Токтогул шаарчасынын жанынан орун алган. Ошондуктан айылда бир нече сырлуу жерлер бар.

20150417_180507
Манас атанын беш манжасы түшүрүлгөн таш деп аталат.

 

Сүрөттөгү бул дөңсөөлөр биздин  заманга чейинки жашап өткөн сактардын мүрзөлөрү экендиги далилденген. Мындай мүрзөлөр Кызыл-Туу айылынын четинде бир нечеси бар. Археологдор күмбөздөрдү казып ачышканда ичинен көптөгөн алтын-зер буюмдарды табышкан. Азыр бул буюмдардын баары китепке жазылып, Кыргызстандын тарых музейинде сакталып турат.

20150417_183115

Сиздер көрүп турган дарак Мазар-Тал деп аталат.  Бул жерге оорулуу адамдар келип сыйынышат, ошондой эле балалуу боло албай жүрүшкөн жаш жубайлар да келип шам жагышып Алла Тааладан бала тилешет.

20150417_183556

Биз ушундай кооз, сырлуу жерлерибизди сакташыбыз керек. Бул маалыматтар Кызыл-Туу айылынын тургуну Жаныбек Осмонкуловдон алынды.

Даярдаган: Агача Жаныбек кызы