Сары-Булуң мультимедиа борбору ишке кирди

946

20150412_121409

Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында жергиликтүү жаңылыктарды даярдоо жана элге жайылтуу үчүн  жамааттык мультимедиа борбору өз ишин баштады. Сары-Булуң мультимедианын  максаты элди маалымат менен камсыз кылуу жана алардын көйгөйү боюнча чечим кабыл ала турган  адамдарга жеткирүү.

 

Сары-Булуң айыл аймагынын башчысы Т. Молдобаевдин айтымында, Кара-Суу айылында жамааттык  мультимедиялык борборду ачуу менен айыл аймагынын калкынын арасында маалыматтын  жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу менен мектеп окуучулардын бош убактысын туура пайдалануу.

«Келечекте журналист болууну каалагандарга шыгына шык кошуп шыктандыруу», — деп билдирди Молдобаев. Жамааттык мультимедияга иштөө үчүн,  мектеп  окуучуларынан төрт окуучу тандалып алынды. Андан сырткары борбордун координатору Мааметова Анара жана техникалык ыктыярчы Суранбеков Белек иштей баштады. Мындан ары Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынын жашоочуларына көйгөйлөрүн айтуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, жергиликтүү жана өлкөдөгү маанилүү кабарлар менен камсыз болуп турат.

20150412_131807

Даярдаган: Анара Мааметова