Андарак: Мугалимдер айылдык волейбол мелдешинде 3-орунду алды

2457

image

Андарак айылынын Манас орто мектебинин спорт залында мугалимдер арасында волейбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Оюн бир күнгө созулду.

Мелдешке беш мектептин агай-эжекелери келип катышты. Мелдештин аябай кызуу өткөнү эжекелердин бар күчү менен оюнга берилип ойногонунан көрүнүп турду.

Эжекелерден биринчи орунду Сары-Дөбө, экинчини Көк-Таш орто мектеби, 3-орунду Манас орто мектеби алды.

Ал эми агайларга келсек, бул оюн өтө оор оюн болду. Агайлар жаш карысына карабай мыкты оюн көрсөттү.

image

Агайлардан: 1-орунду Манас орто мектеби, 2-орунду Көк-таш, 3-орунду болсо Андарак орто мектеби алды.

«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»

Даярдаган: Ганыев Амантур