Токтоян: Дене тарбия мугалими тогуз коргоолдорду өзү жасайт

3075

imageТогуз коргоол — бул кыргыз элинин илгертен бери ойнолуп келе жаткан улуттук оюну. Дал ушул аталган тогуз когоолду токтояндык дене тарбия мугалими өзү жасайт.

«Буларды мен теректен, жөнөкөй бактардан жасайм, кыйынчылыгы деле жок», — дейт дене тарбия мугалими Нурлан Молдогазиев.

image

«Илгери чоң аталарыбыз ойношчу экен, анан мен да кызыгып беш-алтыны жасадым, жөнөкөй жана заманбап. Заманбабынын үстү шахмат асты тогуз коргоол», — дейт ал.

image

«Азыр деле жасайм заказ келсе, азыр окуучулар мен жасаган тогуз коргоолдорду ойношуп район, областтардан орундарды багындырып келишкен», — деп жетишкен ийгилигине токтолду Нурлан агай.

image

«Бул тогуз коргоол оюну тактыкты талап кылат, учурда 5-класстын окуучуларын үйрөтүп жатам», — деди Нурлан агай.

Мектепте 7-класста окуп жаткан Аделя Мундукова тогуз коргоол ойноп орундарды алып жүргөнүн төмөндөгүчө билдирди:

«Мен негизи тогуз коргоолду ойногондо эргүү алам жана кызыгам. Кызыкканымдын себеби үйдөн чоң атамдар ойношчу, ошолорду көрүп үйрөнүп алгам. Агай жасаган тогуз коргоолду ойноп райондон 3-орунду алып келдим. Ойногондон кийин өзүмдү кадимкидей сергек сезем жана логикалык ойлонууга да жардам берет. Ушуну менен токтотуп, таштап салбастан улантып дагы мындан да жакшы ойноого аракет кылам».

Автору: Адина Осмонова

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка