Үч-Коргондуктар быйыл да гиластан жакшы түшүм алууну күтүүдө

972

IMG_20150415_134339

Шохрухтун билдирүүсүнө караганда кыштын узакка созулганы жана  кардын жааганы гиластарга жана айрым мөмөлүү дарактарга таасирин тийгизе алган жок.

IMG_20150415_134244Шохрух Мамажанов Үч-Коргон айылын жашоочусу. Ал бир нече жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келүүдө. Ал өз үйүндө гилас дарактарын өстүрүп келет жана багбанчылыктын сырларын мыкты өздөштүргөндүгүн айтат.

IMG_20150415_134100“Мен көп жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келем. Биз алдын ала дарылап койгонубуз үчүн өткөн күндөрдө жааган кар гиластарыбызга таасир эткен жок. Ошондуктан, кудай берсе жакшы түшүм алабыз деген үмүтүбүз бар.”

Шохрухтун айтымында, кардын жаашынын натыйжасында өрүк жана жаңгак дарактарын үшүк алган. Эми быйыл күтүлгөн түшүмдү ала алышпайт. Бирок курма, алма, шабдалы сыяктуу мөмөлүү өсүмдүктөрдүн абалы жакшы денгээлде.

IMG_20150415_134244

“Биз жылына өрүк, гилас, жаңгактан жакшы түшүм алып сатчуубуз. Бирок быйыл андай болбой калды. Эми үмүтүбүз гилас жакшы болуусун тилеп олтурган учурубуз.  Өзүңүздөр көрүп турасыздар, гиластин гүлдөрү өтө көп жана кооз болуп ачылып турат.»

IMG_20150415_134222Чындыгында багбан айткандай, үч-коргондуктар дыйканчылык менен мыкты алектенишип жылына кеминде 100 миңден киреше алса, бактардын жакшы түшүмүнөн 300-500 миңге чейин пайда көргөндөр да бар.

IMG_20150415_133936

Даярдаган: Арипов Атабек, Гулиза Жээнбаева

Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка