Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата улак тартыш оюну болду

2822

20150412_140125

Бүгүн Кошбулактын күн чыгыш жагында, Исхак Раззаков туулган жерде Чоң улак тартыш оюну өткөрүлдү. Бул оюн Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата жалпы Сүлүктү шаарынын атынан өткөрүлдү.

«Баш байгеге тогуз кара коюлуп, 9 портер көмүр жана жалпы суммасы 270 миң сомдон ашык байге коюлду. Уюштуруу иштерин толугу  менен уюштурууга 30 миң сомдой  каражат, байгеге 10 миң сом, бир портер көмүр койдум. Мындай чоң улак облусубузда биринчи жолу болуп жатат»- дейт уюштуруу тобунун төрагасы, «Нур» шахтасынын директору, Кыргыз Республикасынын Өнөр жайына эмгек сиңирген ишмери, шаардык Кеңештин депутаты Абдыназаров Рахман Эрматович.

сүрөттө солдон оңго: Р. Абдыназаров, Б.  Ташев

20150412_143015

«Бул маарекенин Эң бир жакшы жагы улуттар аралык достукту чыңдоо. Анткени Тажикстандын коңшулаш Б.Гафуров, Дж. Расулов райондорунун башчылары жетектеген жоон топ делегация келип.  Салымдарын кошуп, чай үстүндө бир топ жергиликтүү маанидеги маселелер да чечилип калды. Мен 10 миң сом акча, бир портер көмүр жана башка салым коштум. Өзүм бул оюнга аябай кызыгып калдым»- дейт «Кызыл-Булак» шахтасынын директору, депутат Карабаев Исманали Джумабаевич.

сүрөттө: И. Карабаев

20150412_110618

«Чындыгында аябай чоң оюн болду. Негизгиси тартип сактылып тынч өттү. Эми ушул улак тартыш майдандарына «тай казан» курдуруп баштадык. Келечекте улакчыларыбыз көк бөрү оюнун да өздөштүрүүсү керек»- дейт Лейлек районунун Акими Тилеберди Арипов.

Сүрөттө: сыйлуу коноктор Ортодо Т. Арипов

20150412_115625

Кабарчы    Анварбек Тухтаров