Тогуз-Тородогу Көк-Ирим айыл аймагынын миллион сомдук долбоору жаштарга жол ачат

519

Көк-Ирим айыл аймагындагы жаштар үчүн шахмат, шашки, теннис, вокал, бий жана тогуз коргоол ийримдерине катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул тууралуу долбоордун жетекчиси, Арал маданият үйүнүн башчысы Залкар Исаков билдирди. Анын айтымында бир миллион сомдук гранттык долбоору Өнүктүрүү саясат институту тарабынан колдоого алынып, учурда Арал маданият үйүнүн имаратынан орун берилип, ийримдер уюштурулуучу бөлмөлөрдө оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат.

 “Ийримдер ачылып ишке берилсе Арал, Бирдик айылдарынын жаштары, өспүрүмдөрү үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө, бош убактыларында өзүнө кошумча көндүм алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Буга чейин жаштар үчүн мындай шарт таптакыр болгон эмес” дейт долбоордун жетекчиси Залкар Исаков.
Каржылоо жана техникалык жардам Швейцария Өкмөтү жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги тарабынан көрсөтүлдү.
Көк-Ирим айыл аймагында буга чейин атайын ийримдер жана кошумча сабактар болгон эмес.
Айыл аймакта 2 орто мектеп, бир бала бакча орун алган.

Даярдаган: Чолпон Матиева.