Куланак: Рахатбектин жаркын элесине арналган турнир өткөрүлдү

1223

20140407_172911Нарын облусунун Куланак айылында быйыл Элдик  революциянын  баатыры Кожобеков Рахатбек Маликовичтин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча турнир үчүнчү жолу  өтуп жатат. Күрөшкө Ош, Бишкек, Чүй, Жалал-Абад, Ысык–Көл жана Нарын жергесинен келген жалпысынан машыктыруучулары менен 360 адам катышты.

20150407_122549

Айыл жергесинде мейманкананын жоктугунан, спортчуларды мектеп окуучулары үйлөрүнө, ал эми машыктыруучулар №86-кесиптик  лицейине жайгаштырылды.

Уюштуруу иштерин Рахатбек Маликовичтин агасы  Кожобеков Кубан өзү колго алды. Анын айтымында күрөштүн максаты жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, сергек жашоого үндөө. Ал эми эң негизги максаты апрель революциясында каза тапкан баатырларды эскерүү. «Бул спорттук иш-чаранын демөөрчүсу “Замандаш “ партиясы болду. Аларга терең  ыраазычылыгымды билдирем”, — деди Кожобеков Кубан.

20150407_153408

Нарын райондук спорт мектебинин директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Карыбек Бошубеков  төмөндөгүлөргө токтолду. “Күрөш мыкты деңгээлде өтүп жатат. Куланак айылынын эли бизди абдан жакшы маанайда тосуп алды. Буюрса  балбандарыбыз  көптөгөн  ийгиликтерге  жетишет», деди Бошубеков Карыбек.

20150406_095440

Ысык-Көлдөн келген турнирдик  катышуучусу Нуржигит  Отунчиев: “Мен “алга”  деген  ураан  менен  жеңишке  жетишем. Атаандаштарыма дагы ийгилик каалайм”, — деген  патриоттук  сөзүн  айтып  өттү.

20150406_094924Финалдык беттешке Куланактан 6, Орто-Нура айылынан 3 жана Беш –Сары спорт клубунан 6, Кара-Чийден 1, Жан-Булактан 2, Нарын шаарынан 1, Чүйдөн 2, Ысык-Көлдөн 4  спортчулар  катышты.

Командалык эсеп боюнча 1-орунду Куланак спорт клубу камсыздады, 2-орунду “Беш-Сары ” спорт клубу камсыздаса, 3-орунду Орто-Нура айылы алды.

“Өзүбүз ойлогондон да турнир жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Биз бул турнирге бир жыл толугу менен даярдандык. Ошондуктан мен тарбиялаган балбандар Куланак элинин намысын коргоду. Бүгүнкү жеңиштен уткандар 14-апрелде өтө турган “Кыргыз Республикасынын кадеттер” арасында өтө турган мелдешке катышканга мүмкүнчүлүк алышты, 14-апрелде  финалга чыккандар Дүйнөлүк жана Азиялык беттешке жолдомо алышат жана” спорттун чебери” деген наамга ээ болушат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем. Алар: Куланак эли, “Таттуу бадырак”, айылдын мектеиб, №86  Кесиптик лицейи  чоң демөөрчүлүк кылды. Эл бар үчүн “Эл аралык” мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Мен машыктырган окуучуларыма чоң-чоң ийгилик каалайм”, — деди Назарбек Мусалиев.

20150406_091940

Ушундай жогорку деңгээлдеги мелдеш, ушул күнү ар жыл сайын өткөрүлүп турат. Жылдан жылга турнирдин катышуучулары көбөйүп жана деңгээли жогорулоодо.

 Даярдагандар: Айзат Асанова, Самара  Рыскелдиева, Айзат Түмөнбаева , Перизат Кубанычбекова, Зулайка Мирлан кызы.