Кара-Суу: Эгинди тебелеген мал ээсине айыппул төлөтүү маселеси чечилбей калды

680

image

3-апрелде Кара-Суу айылында айыл өкмөт башчысы Насипа Дженбаева айылдык кеңештин депутаттары Кумбашев Ишенбек, Дооронбаев Нурбек жана айылдын тургундарынын катышуусунда чогулуш болуп өттү. Чогулушта айыл тургундарынын малдары себилген эгинди, бедени тепсеп, тебелеп салуу маселеси каралды.

Бул жыйында себилген жерди тепсеп, тебелеген  малдын ээлерине кандай чара көрүү тууралуу кеп болду. Депутаттардын айтымында алардын штраф боюнча чыгарган чечимин райондун прокуратурасы туура эмес деп таап, чечимди мыйзамсыз деп жаратпай койгон. Ал чечим боюнча бодого 500 сом, койго 70 сом штраф экен. Бирок депутаттардын мына ушундай чыгарган чечими законго туура келбейт экен.

image

Себилген жерге кирген мал ээлерине штрафты айыл тургундары өзүлөрү чогулуш жасап, кандай чара көрүү керектигин тактап, чечим чыгарышса гана ошондо мыйзам ченемдүү болот экен. Бул чогулушта айыл тургундары эч кандай чечим чыгарышкан жок. Бири бири менен талашып тартышып, башка маселеге өтүп кетишти.

image

Ошентип, себилген жерди тепсеп, тебелеген, жеген малдын ээлерине кандай чара көрүү керектиги кайра чечилбей калды. Бул маселе боюнча тургундар дагы чогулуш өткөрө турган болушту окшойт.
Себилген жерге гана эмес айылда өсүп калган бедеге, арпа, буудайга киришип, дыйкандарга чоң зыян келтиришет. Тургундар мына ушул маселеге көңүл буруп, катуу чечим кабыл алып коюшса жакшы болоор эле.

Даярдаган: Азаркулова Элина. Сабо кызы Айдана