Жер талаш маселесин Президент көзөмөлгө алды

770

20150405_104014

Кошбулактагы жергиликтүү тургундар менен «Коал групп» ишканасынын ортосунда чыккан талаш тартыш маселесин Президент өзү көзөмөлгө алды. 5-апрель күнү Президенттин аппаратынан кызматкерлер келип эл менен ачык айкын жолугушуу өткөрүп, маселени жеринен барып көрүштү.

Себеби жергиликтүү тургундар облустук соттун чечимине макул болбой,  чоң ишеним көрсөтүп түз эле Президент А. Атамбаевге арыз жазышкан. Натыйжада Президенттин аппаратынан Максутов Жаркын аттуу өкүл келип, маселени ордунда көрүп кетти. » Максүтов Жаркын элдин талабы туура экендигине ынанып Геология жана минераллык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке тиешелүү көрсөтмө берип, мыйзам чегинде чечип берүүгө убада берип кетти»- дейт Камчатка айылынын айыл башчысы Ниймат Айжигитов.

«Мындай маселе Кыргызстандын кен чыккан көп эле жеринде кездешүүдө, бирок бүт эле жерде тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөр менен чечилбейт. Кээ бир жерде күч колдонулуп, ар кандай кылмыш иштер да болууда. Мен жалпы эле мекендештеримди сабырдуулукка чакырып, арга жок болсо Президентке кайрылып, маселени тынч,  мыйзамдуу жол менен чечүүгө чакырар элем. Эл башында менин сунушума анча ынанган жок эми тез арада Президенттик аппараттан өкүл келип, маселени ордунда чечкен соң ишеним артты», — дейт Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Бакытбек Эркинович Сапаркулов.

Кабарчы: Анварбек Тухтаров