Талас: Наматбек айылында бала-бакча жетишсиз

752

Бакай-Ата районуна караштуу Наматбек айылында мектепке чейинки билим берүү бала-бакчалары жок, бул көйгөйгө элдин көз-карашы билүү үчүн атайын сурамжылоо жүргүзүлгөн.

«Бала-бакча жок, совет мезгили жоюлгандан кийин бала-бакчаларды жабууга туура келди.  Бакай-Ата айыл өкмөтүнө караштуу бир эле айылда бала бакча бар. Ал жерге ата-энелер эртең менен эрте туруп алып кезектешип бир унаага он чакты баланы салып кетишет, кечинде кайра алып келет, абдан кыйналып жатышат. 

Наматбек айылына бала-бакча курабыз деген пландар барбы?

Эми биз кичинесинен эмес чоңунан баштасак деп турабыз, алдыда пландар бар типтүү чоң мектеп курсакпы деген үмүттөр бар. Эски мектептин орду бар ошол жерге 150 орундук мектеп куруп алсак, эки сменада балдар окуй беришет эле.  Ал эми азыркы мектептер бошоп, алардын ордун бала-бакчага айландыруу пландары бар», деди Наматбек айылынын тургуну.

20150319_122543

Наматбек айылында мектепке чейинки билим беруу бала-бакчасы жок, буга сиздин көз карашыңыз кандай?

Наматбек айылында бала-бакча жогу биз үчүн абдан эле кыйын, эгер бала-бакча бар болсо бизге абдан жакшы болмок. Балдарыбызды Бакай-Атага алып барабыз.

Бакай-Атадагы бала-бакчага балдарды алып барыш үчүн кандай кыйынчылыктар жаралат?

Бакай-Атага өзүбүздун чөнтөгүбүздөн алып барабыз. Бала-бакчага алып барганда кезектешип алып барабыз, жол болсо жаман, аң-дөң унаалардын дөңгөлөктөрү бузулат, унаасы жокторго кыйын», деди наматбек айылынын тургуну.

20150319_124751

 Даярдаган: Сейтбеков Асан