Айылда эхинококкоз дартына чалдыккан адамдар катталууда

787

image

Эхинококкоз оорусу малдан жугат. Ал эми Кыргызстандагы айыл тургундарынын негизги кесиби мал чарбачылык. Ошонун кесепетинен өспүрүм балдарга бул коркунучтуу дарт дал ушул малдан жугуп жатат.

image
Токтоян айылынын фельдшердик-акушердик пунктунун мед айымы  Орозбанова Лена бул дарт эмнеси менен өтө коркунучтуу, оорунун белгилери,  адамга кантип жугаары жөнүндө жана кандай эрежелерди сактоо зарыл экендигин айтып берди.

«Эхинококкоз оорусуна чалдыккан адамдын ички органдарында эхинококкоз личинкасы өсүп өрчүп, уулуу заттарды бөлүп чыгара баштайт. Ушул учурда организмге терс таасирин тийгизет, анын натыйжасында органдар чоңоюп кетет.
Оорунун белгилери:
Оорулуу адам акырындык менен алсырап, бат чарчап,тамакка табити тартпай кала. Анда-санда жүрөгү айланып, кусуп арыктай баштайт да, дарттанган органынын тушу шишик басып, ооругандыгы сезилет. Ыйлаакча кээ бир учурларда кичине баланын башындай көлөмгө чейин чоңоюп кетиши мүмкүн.
Дарттын алгачкы белгилери сезиле баштаганда дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Анткени дарылоо канчалык эрте башталса, ошончолук тез айыгат. Бул оорунун кыйынчылыгы аны айыктырууда операциядан башка жолдун жоктугунда деди Орозбанова Лена.

Алты жаштагы Назима эхинококкоз дартына чалдыкканына байланыштуу Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып келди.

image

«Биринчи Назима ичим эле ооруп жатат деп жүрдү биз деле жөн эле ичи ооруп жатат деп ойлогонбуз. Бир аз убакыт өткөндөн кийин оорусу күчөп Түп районундагы ооруканага алып барышты, ал жактан Каракол шаарына жиберишти, Каракол шаарынан эхинококкоз жана киста деп айтышты. Бишкекке алып барып дарыланткыла деди анан Бишкекке 23 миң сом менен барышып анализдери чыгып кайра бир айда кайтып келишти. Азыркы учурда Назиманын абалы жакшы»,- деп билдирди чоң энеси.

Даярдаган: Калыгул Максат уулу, Гүлжан Нуркасым кызы.