Тасма: Айылдын чебер устасы Белек

746

wpid-20141220_112525

Тасма айылынын тургуну Белек Садабаев көп жылдан бери устачылык өнөр менен алектенип келет. Ал айыл тургундарына стол, кол жуугуч ушул сыяктуу  көптөгөн буюмдарды жасап сатат.

«Мен Ысык-Көл облусунун  Түп районунун Тасма айылында төрөлгөм, беш жылдан  бери ушул өнөр менен алектенип келем.
Ар бир нерсенин оорчулугу бар, жаңы техникалар жетишпейт азыркы жаңы чыккан циркулярка, станоктор жетишпейт.

Белек Садабаев тууралуу кошунасы өз ишин мыкты билгендиги жана жыгач менен эле буюм жасабастан, темир боюнча да кол өнөрчү  экенин айтты. «Белек Тасма айылынын жашоочусу бул жигиттин колунан жыгачылык, темирчилик өнөрү, андан тышкары электр майда приборлорду жасаганга мунун шарты бар жана жөндөмү да бар», дейт коншусу. Белек абанын буюмдарын жактырып ар дайым колдонуп жүргөн Кенже эже колунан баары келип үй- бүлөсүн багып жатканын айтты. Биз дагы Белек абанын   ишине албан албан ийгиликтерди каалайбыз ар дайым эл батасын алып колу менен тен карысын  демекчибиз.

Даярдагандар: Айдай Амантурова, Нурлан кызы Перизат.