Жыйырма биринчи кылымдын инеллектуалы

795

wpid-20150320_1612591

«Алтын түйүн» Республикалык инженердик техникалык академиясы уюштурган ,,Жыйырма биринчи кылымдын    интеллектуалы»  аттуу  сынактын райондук этабы жыйынтыкталды. Сынакка катышып жаткан окуучулар илим жана техника боюнча изилдөөлөрүн, ойлоп табууларын долбоор түрүндө жана макетин жасап алып келишкен.

Бул сынакка А.Сопиев атындагы мектептин окуусу Чынтурсун Турдуматов катышкан. Ал «Зыяндуу кошулмалар ашыкча кошулган «таттууларды»  көзөмөлдөөчү бажы индикаторун ойоп тапкан» .

wpid-20150320_1520201

Ал өзүнүн ойлоп табуусу жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди.

«Мен бүгүнкү райондук турда облустук турга жолдомо алдым. Муну жасаганымдын себеби мени таасирленткен бир окуя болду. 6-классымда ооруканага жатып калдым. Ал жерден бир кичинекей кыз заара кыла албай кыйналып, заары менен кум жуушатып  жатканын көрдүм. Себебин дарыгерлерден сураганымда алар туура эмес Кытайдан келген заттарды жегенде ушундай ооруулар пайда болуп жатат деп  билдиришкен эле. Мен ойлонуп Кытай жактан келип жаткан кошулмалары көп кошулган заттарды көзөмөлдөөчү индикатор ойлоп таптым. Эми облустук турга барып, долбоорумду жактырса республикалык турга бара алам», деди Чынтурсун.
Чынтурсунду бул сынакка алып келген жетекчи мугалими  Кундуз Шалтабаева: «Азыркы кезде өлкөбүздүн чоң көйгөйлөрүнүн бири болуп өндүрүштүн жакшы өнүкпөгөндүгү болуп жатат. Инженер-технолог ьагытындагы жогорку кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги буга себепкер. Окуучуларды мектептеги кезинен илимге, техникага жаңы ойлоп табууларга кызыктырып багыт көргөзүү биздин максат. Айыл  жеринде илимге билимге умтулган өзгөчө жөндөмдүүлүгү менен айырмаланган таланттуу  балдар көп. «Алтын түйүн» инженердик техникалык академиясы  таланттуу балдарга ушундай сынактарды уюштуруп, келечектеги инженерлердин чыгуусуна жардам берет», деди.

Сынактын ктышуучуларынын ойлоп табууларын иштерин жактоодогу кызыгууларын, берилгендиктерин көрүп, Кыргызыстандын өнөр жайы өнүккөн күчтүү мамлекеттердин катарына кирерине ишенебиз.

Даярдагандар: Айгерим Кубатбекова, Чынтурсун Турдуматов