Тасма: Тосколдууктардын баарын жеңип өткөн адам

634

wpid-20150321_031824
Сүрөттө Мээрим Мукаева

Тасма айылынын тургуну Мээрим Мукаева мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан ыр жазып,белгилүү жазуучуларыбыздын чыгармаларын да окуп келет .Ал тургай жөн гана отура бербестен үйдө кичине бөбөгүн багуу менен алектенип келет. Бул тууралуу Мээрим айымдын келини Нурзада Муратова буларды айтат: «Бош убактыларында бала карайт. Андан тышкары телефон менен ыр жазып калат.
Мээрим эженин жакынкы кошунасы Зина айым » кошунасынын ар ишке жөндөмдүү экенин» баса белгилеп өттү. «Кошуна ыраазы болмоюн, кудай ыраазы болбойт» демекчи, Зина эже Мээрим эженин кылган иштерине таң калып, кээде ыраазы да болоорун  жашырган жок.

image
Сүрөттө Мээрим Мукаеванын коңшусу Зина айым.

Мээримди 1994-жылдан бери жакшы билем. Мээрим кичинекейинен эле оорулуу болгонуна карабастан өтө зээндүү, акылдуу, зирек.  Ал болсо оорулугуна карабастан жалаң жакшы тарыхый китептерди көп окуйт, чоң-чоң чыгармалардын баарын окуйт.»Сынган кылычты» эки үч жолу кайталап окуду, Толстойдун   «Согуш жана тынчтык»деген чыгарманы да эки жолу окуду.Ошо мүмкүнчүлүгү чектелсе да үй-бүлөсүнө жардам берет, ырларды жазат. Бөбөгү бар аларды карайт, үйүнө аябай чоң жардамдарды берет. Биздикине келип сүйлөшүп олтуруп кетет», дейт Зина айым. Мээрим Мукаева кээде  курортторго барып ден-соолугун да чыңап турат экен.

Даярдаган:  Айдай Амантурова, Темирбек кызы Бекзада.