Кошбулак: "Улуттук экономиканы чыңдоо айылдан башталды"-демилгесине дагы бир ишкана кошулду

620

Омурзак ажы Юнусов

Президентибиздин жарлыгына ылайык «Улуттук экономиканы чыңдоо»- демилгеси Кошбулактын тургуну И. Карабаев тарабынан ишке ашырылып баштаган. Ушул демилгени сүрөөнгө алып «Т. Марипов» көмүр өндүрүүчү шахтасынын эмгек жамааты  да кошулду. Бул ишкананы шаардык Кеңештин депутаты Юнусов Омурзак түзүп, жетектеп келет.

«Ушул кароосуз калып таштандыга айланып калган жерди тазалап баштадык. Эми бул жерди тегиздейбиз, көчөт отургузабыз, каражаттын жетишине карап балдар аянтчасын түзүп, жабдууларын да орнотуп беремин. Аба-ырайы жакшы болуп турса тез эле бүтүрөбүз. Мурда ушул жерден өтүп жүргөнүбүздө жаш балдар таштандылардын арасында топ тээп ойноп жүрүшкөндөрүң көрчүбүз. Зээним кейип эмгек жамаатымдын кесиптик кошуунунун жыйынында чечим кабыл алып, биз да коомубузду өнүктүрүүгө колдон келишинче салым кошолу деп чечтик»- дейт  Юнусов Омурзак ажы.

Кабарчы:          Мусуратилла Исканов