Барскоон: Ноорузга карата уюштурулган сынак өткөрүлдү

1451

20150320_154010

Барскоон айылында Эшманбет Кендирбаев атындагы орто мектепте 21-март,  Нооруз майрамына карата 10-класстардын арасында, Улуттук калоритке негизделген сынак  болуп өттү. Сынакка 2 ден кыз чыгып, класстын намысын коргошту.
Конкурстун катышуучусу жана жеңүүчүлөрүнүн бири Алина Истанбекова сүйүнүчү менен бөлүштү: «Сынак башка иш-чаралардан айырмаланганы жакты. Тамактан тартып, кийимибизге чейин улуттук калоритте көрсөттүк, кыргыздын өзүнө тиешелуу материалдык мурастарын даңазалаган аябай жакты», — деп билдирди.


20150320_165454
Көрүүчүлөрдүн айтымында бардык конкурсанттар сынакка жогорку деңгээлде даярданып келишкен.
20150320_160539
Көрүүчүлөрдүң бири Алина Абдынатова: «Мен бүгүн классташтарымды колдоо үчүн келгем. Бактыга жараша 1- орунду алышты. Мен конкурска катышкан бардык кыздардын талантына баа бердим», -деди.
20150320_165606
Катышкандардын да, күйөрмандардын да купулуна толгон бул сынак ийгиликтүү аяктады.

Даярдагандар: Бермет Алыбаева, Алтынай Бакишова.