Үч-Коргондо Нооруз майрамы белгиленди

748

image

Үч-Коргондо 21-март Нооруз жана  жаз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди.  Нооруз майрамы жылына Үч-Коргондо жайгашкан Достук клубунда өткөрүлүп, бул майрамда кыргыз, өзбек жана тажик улуттарынын өкүлдөрү катышышат. Бул ирет дагы ар бир улуттун тамак аштары коюлуп, келген коноктор бул тамактардан даам татышты.

image

image

Абдурахманов Ахмаджан Үч-Коргон айыл өкүмөтүнүн башчысы, сөз алып жалпы Кыргызстандыктарды жана Үч-Коргон айылынын тургундарын жаз майрамы менен куттуктап өттү.

image

Жылда өткөрүлүүчү Нооруз майрамынан айырмаланып бул жылы болуп жаткан майрамда жаштар жигердүү катышышты.

image

«Үч-коргон жаштар» борборунун ыктыярчылары да майрамга өзгөчө жакшы маанай тартуулашты», — деди айыл тургуну Малика айым.

image

Майрамдык кечеде айыл тургундары тарабынан ар түрдүү сахналык көрүнүштөр, бийлер көрсөтүлдү.

image

Бул сахналык көрүнүштөр жана бийлер келген конокторго жагымдуу маанай таруулай алды.

image

Даярдаган:  Арипов Атабек.