Суусамыр FM радиосуна Польшадан эксперттер келди

991

image

Чыгыш Европа демократиялык фондунун жарыяланган гранттык сынагынын негизинде Суусамыр FM радиосу эксперттик колдоо долбоорун жеңип алган. Натыйжада Польшадан эки эксперт келип, радионун башкаруу ишин жана туруктуулугу боюнча 3 күн иш алып барышты.

Алар менен маектешти уга билүү, коммуникация, радиого текст жазуу, бизнес план түзүү темасында бирдиктүү иш алып барылды. Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) колдоо долбоорунун координатору Агнешка Маковска долбоордун максаты жана жергиликтүү радиодон кандай жыйынтыкты күтөөрүн айтты.

image

Польшадан келген эксперт Марек Колдрас 20 жылдан бери радио тармагында эмгектенет. 18 жыл жергиликтүү радиодо башкы редактор болуп иштеп, андан тышкары теледе жана газетада да иштеген. Акыркы жарым жылда Америкадагы Польша радиосунда эмгектенет. Ал жергиликтүү радионун ишин жакшыртууга өз кеңешин берди.

image

Жергиликтүү ЖМК колдоо долбоорунун негизинде Суусамыр FM радиосунда өнүктүрүү боюнча пландар түзүлүп, туруктуу иштөө үчүн жолдор ачылат деп ишенебиз.

image

Даярдаган: Чүрөк Калдарбекова, Нуркыз Намазбекова