Кошбулактыктар сүмөлөктү кайнатуудагы сырлары менен бөлүшөт.

697

1920301_728894763890868_788734665705987070_n

2010- жылы Кошбулак аймактык башкармалыгына Б. Э. Сапаркулов башчы болуп келгенден бери аймакта Нооруз майрамын утурлап Сүмөлөк кайнатуу салтка айланган. Мына ошол сүмөлөк кайнатуу жөнүндө Бакыт мырза төмөнкүлөрдү билдирди. » Сүмөлөк 2 казанга кайнатылат (100 л), 20-март күнү бир бөлүгү көмөкчү мектебиндеги, аймактагы жетим балдарга, оорууканада дарыланып жаткан ооруу сыркоолорго таратылса, калган бөлүгү элге, төрага, төрайымдары аркылуу бирдей бөлүнүп берилет. Сүмөлөктүн да чебери болсо жакшы болот. Бизге ар жылысүмөлөктүн данын  Гапарова Зияда айым өндүрүп берет»- дейт Бакытбек Эркинович.

20150319_094731

«Сүмөлөктү өндүрүүдө күздүк буудайдан 40%, жаздык буудайдан 60% өлчөмдө алып,  экөөнү эки башка өндүрсө  жакшы болот. Күздүк буудай даамы жакшы болсун үчүн, жаздык буудай сапаты жакшы болсун үчүн деп кошулат. Өнгөндөн кийин экөөнү эт майдалагыч менен майдалап, аралаштырып, маңызын казанга салат. Андан кийин ун кошулат. Ундун 80% жогорку сорт, 20% тегирмен уну болсо жакшы болот»- дейт сүмөлөктүн чебери Гапарова Зияда эже.

20150319_103103

Кабарчы   Анварбек Тухтаров