Куу-Майдан: Элдин аким менен жолугушуусу болду

1317

20150318_102324 - копия

Кеңеш айылдык маданият үйүндө 2015-жылдын 18-мартында Ноокат районунун акими Айтиев Бекболот келип эл менен жолугушуп, элдин көйгөйүн угуп кетти. Жыйындын ачылышы баатыр энелерди сыйлоо менен башталды.

20150318_102004 - копия

Бул жыйынга Шаңкол, Арбын, Даари суу, Чегеден Байыш, Куу-Майдан айылдарынын тургундары катышты, жыйынга 500  гө чукул жаран келди. Ошондой эле жыйынга Ноокат районунун билим берүү башчысы, Мамкаттоонун башчысы, военком, айыл өкмөтүнүн электр тармагынын адиси жана башкалар келип чогулган элдин суроолоруна жооп беришти.

20150318_113533

20150318_112806

Жыйындын жүрүшүн Кеңеш айылдык маданият үйүнүн башчысы Кудайбердиев Калмамат өзү алып барды.
Чогулушта негизинен эл көтөргөн көйгөйлөр болуп сугат суунун тартыштыгы, электр энергиясынүн маал-маалы менен өчүрүлүшү жана сел түшүүчү чоң-чоң дарыялар талкууга алынды. «Жогорудагы көтөрүлгөн маселелерди өзүм демилгеге көтөрөм», деп Ноокат районунун акими Айтиев Бекболот айыл тургундарына өз убадасын берди. Ошондой эле, жыйынга келген элдер акимге жана бир катар аппарат башчыларына өздөрүнүн каало тилектерин жана ыраазычылыктарын айтышты.

Даярдаган: Баяман Тойчубай уулу