Барскоон: Айымдардын эл аралык күнүнө арналган сынак өткөрүлдү

830

20150307_150241

Айымдардын эл аралык майрамынын урматына «Жашоо жарык сен бар үчүн аялзат!» деген ураан менен Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинде 11-класстар арасында конкурс болуп өттү. Сынак эң жакшы маанайда, кол чабуулардын коштоосунда өтүп жатты.

20150307_145849
Алгач сахнага бий ийримине катышкан бобоктор чыгып, көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүштү. «Билгиң келсе эгерде, намыс деген улуу сөз, Кор болбойсун эч качан, ордуңда болсо акыл эс»,- дегендей, класстын намысын коргогон 11 «В» классынын окуучусу Мунара Чолпонкулова кабарчыбыз Бермет Алыбаева менен маектешти:

20150307_171550(0)
«Ар бир нерсенин кыйынчылыгы болот, бирок анын баарын жеңсе болот, ошон үчүн мага көп деле кыйынчылык жаралган жок», деди Мунара
— Атаандаштарынар тууралуу эмне деп айта аласыз?
-Баардыгы  таланттуу балдар экен, баары 1-орунга татыктуу, бирок күчтүүсү жеңет.
— Силер үчүн кайсы топ көбүрөөк атаандаштыкты жаратты?
-Мурдатан бери салт болуп келе жаткандай эле биздин класска 11 «А» класс атаандаш болуп келет.

Калыстар тобунда мектептин физика мугалими Гулмира Илиппаева да четте калбай өз оюн билдирди:
20150307_171341
«Бүгүнкү сынак аябай жогорку деңгээлде өткөрүлдү, кыздардын бардыгы талапка ылайык жооп беришти. Буга чейинки өтүп жаткан сынактарга  салыштырмалуу аябай жогору болду. Учурунда кыздар жасанып-түзөнүп эле келгенге аракет кылып калган, бүгүн болсо абдан жакшы форма-фартук менен сахнага чыгыщып, биздин купулубузга толду.
20150307_170902
20150307_154304
Катышуучулар өз чеберчиликтерин көрсөтүп, келген көрөрмандардын купулуна толду. Көрүүчүлөрдүн арасынан Тахмина Мустафа кызы төмөнкүлөрдү билдирди:
20150307_171908
«Бул сынак мага абдан жакты.Ушундай иш-чаралар жеке эле майрам күндөрү эмес, дайыма болуп турса дейм. Бул күнү мен бүт аялзатына эң биринчи ден-соолук, андан кийин үйүндөгү балдарына, өзүмдүн сиңдилериме, эжелериме жакшылыктарды каалайм», деди Тахмина.

Бардык айымдарды жаз жыттанган март майрамы менен куттуктоо менен биргеликте ден-соолук, узун өмүр, бакыт жана бардык жакшылыктарды каалап кетмекчибиз!

Даярдагандар: Бермет Алыбаева, Алтынай Бакишова, Гулкайыр Осмоналиева.