Сүлүктү: Кадырлуу карылык долбоору иштей баштады

731

20150221_114112

«Сүлүктү шаарынын аймагында улгайган жалгыз бой жарандарга 2007- жылдан бери «Бабушка Едапшн» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ай сайын 10 евро же 700 сомго жакын акча стипендия катары берилип келек. Андан сырткары кыш узун болуп үзүкчүлүк болгон жылдары кошумча ысык тамак да уюштурулуп, кээ бир келе албаган жарандардын үйунө чейин термос менен жеткирилип турду. Мындан ары улгайган адамдарга жардамды арттыруу максатында өз ара жардамдашуу топтору түзүлдү»- дейт фонддун Баткен областтык филиалынын директору Алмазбек Рахманов.

Фонддун ишмердүүлүгүнө бүгүн 2015-жылы Донордук уюмдар тарабынан мониторинг жүргүзүлүп «эң жакшы» баа берилди. Бул боюнча Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Сапаркулов төмөнкүлөргө токтолду: «Бабушка Едапшн коомдук кайрымдуулук фонду менен тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп келебиз. Кошбулак боюнча 42 жаран камкордукка алынган. Жардам алган жарандар аябай чексиз ыраазы, кээде стипендиядан сырткары дары дармекке да кошумча каражат бөлүнөт. Даталуу күндөрү белектер да берилет, анткени жалгыз бой улгайган жарандарга эң негизгиси моралдык колдоо жана жылуу мамиле керек. Бул фонддун ишмердүүлүгүнө мындан ары да бардык мүмкүнчүлүк менен колдоо көрсөтүп тыгыз иш алып барабыз»

Сүлүктү шаары боюнча улгайган жалгыз бой (багар көрөрү жок) жарандардын көп болуусунун себеби,  жарандарыбыздын массалык түрдө Орусияга көчүп кетип, улгайган кишилер климатка көнүп калгандыктан кете албай калган. Кээ бирөөлөрүн жакындары чакырса да ден-соолугуна байланыштуу бара албай жатышат.

Кабарчы:                     Анварбек Тухтаров