Баетов: “Мен Ата Мекениме кызмат кыламын” аттуу мелдеш өткөрүлдү

3516

Сезим 2

Мелдеш  Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде жогорку деңгээлде болуп өттү. Иш чара   Афган  жана Куралдуу Күчтөрдүн Күнүнө карата уюштурулуп, атайын калыстар курамы иштеди.

калыс

Аскердик-Спорттук мелдешке  11а, 11б-класстарынын  “Собр” жана 11в-классынын “Альфа”  командалары катышты. Мелдеште “биринчи медициналык жардам, автоматты чачуу, жыйноо, противогазды кийүү, чечүү, кол күрөш, кесме кесүү, аркан тартыш”  өңдүү тапшырмаларды аткарышты.

Мелдештен көрүнүш
аскат

20150219_155603[1]

проти

Противогаз

жайсан

камыр

Автоматты чачуу,жыйноо, кол күрөш  тапшырмаларында кыздар артыкчылык көрсөтүштү.

кол курош

Жыйынтыгында 86.7 балл менен “Собр” командасы алдыңкы орунга ээ болду. Тапшырмаларды аткарууда артыкчылык көрсөткөн жаш Мекенди коргоочуларга уюштуруучулар  жана Райондук Аскер комиссариаты тарабынан Ардак Грамоталар тапшырылды.

приз аскат

приз

Бул мелдеш “Азем” бий тобунун бийчилери аткарган бийлери менен коштолду.

бий

Даярдаган: Б.Мамытбекова