Ак-Талаа районунда рейд жүрүүдө

752

20150217_113939[1]

Ак-Талаа районунун аймагында ички иштер бөлүмү тарабынан  “Допинг”  аталышындагы рейд жүрүүдө. Мунун негизинде бөлүмдүн кызматкерлери  Ш. Бейшеналиев атындагы орто  мектебинин 9-11-классынын   окуучулары менен менен жолугушуу  өтүп, спирт ичимдиктери, тамеки, насвай өңдүү ден-соолукка зыян алып келүүчү заттар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

20150217_114519[1]

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодексиндеги өспүрүмдөргө тиешелүү беренелер менен тааныштырышты.  Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн ЖОИИ  (жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору)  Мамбеталиева Бермет: “Биздин бөлүмгө  ЖОИИ боюнча дагы штат берилди. Бул абдан жакшы болду. Түшүндүрүү иштери бардык орто мектептерде жүрүп жатат”, деп билдирди.

Даярдаган:   Б.Мамытбекова