Долбоордун негизинде мугалимдер атайын окуудан өтүп келишти.

917

20150211_142355

АРИС  “Айыл жерин суу менен камсыз кылуу жана санитария-2”   долбоорунун алкагында  «Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында  санитария  жана гигиенаны илгерилетүү” программасын жүзөгө ашырууну баштады. Аталган  программанын негизги максаты  мектептерди таза суу менен камсыз кылып, ал аркылуу балдардын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу, ден –соолугуна камкордук кылуу болуп саналат.

Бул боюнча   Ак-Талаа районундагы 5 жалпы орто мектептин социалдык педагогдору жана директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары 2  күндүк окуудан өтүп келишти. Окутуу ар кандай интерактивдүү оюндар менен коштолду.

20150211_151536

Эми алар үйрөнгөндөрүн мугалимдерге, окуучуларга, ата-энелерге окутушуп, атайын иш мерчемдерин түзүшүп, бирге иш алып баруу үчүн меморандум кабыл алышат.

Даярдаган:  Б.Мамытбекова