Аба-ырыйынын кескин жогорулашы Сүлүктүдө көйгөй жаратууда

671

20150216_175232
Сүрөттө чөгүп кеткен жолдун көрүнүшү.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын нормадан бир  топ жылуу болуусу менен  жем-чөптүн баасы, көмүрдүн баасы арзандады. Бирок инфраструктурага зыяндуу кесепеттерин да алып келди. Атап айтсак январь айында бир түк (пресстелген) чөптүн баасы 280 сомго чыккан болсо, февралда 230 сомго түштү же 50 сомго чейин арзандады. Бирок карлар тез эрип ошондой эле жамгыр жаагандыктан суу көбөйүп арыктардан ашкан суулар ички автоунаа жолдорунун (таш төшөлгөн) бузулуусуна алып келди. Ошондой эле суу жыйылып калып кээ бир жерлер чөгүп кетип жатат.

«Ушундай көрүнүш 90-жылдары катталып жер көчкүлөрү жүргөн. Азыр жер кыртышынын абалына байкоо күчөтүлгөн. Кандайдыр бир өзгөрүү байкалса дароо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерине маалымдалып турат»- дейт Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Бакыт Сапаркулов.

Даярдаган: Анварбек  Тухтаров