Үч-Коргондогу ооруукананын азыркы учурдагы шатрттары жана абалы

926

IMG_20150214_112917

Үч-Коргондогу ооруукананын  алдында алгачкы ирет  терапиялык бөлүм ачылды. Бул туурасында Хабибуллаева  Гулчехра билдирди.

IMG_20150214_112322

Гулчехра Хабибуллаева Уч-Коргон айыл округунун борборунда  жайгашкан ооруукананын  тез жардам бөлүмүнүн башчысы болуп иш алып барат. “Ооруулуларга жакшы жардам көрсөткөнгө   аракет кылабыз, ар бир бөлмөлөргө кирип алардан ал абалын сурап көңүлдөрүн көтөрөбүз. Мурдакыга караганда шарттар бир канча жакшы болуп калды бөлмөлөрүбүз  жылуу.»

Хабибуллаеванын айтымында,  кыш мезгили болгондуктан  сасык тумоо жана суук өткөн,  жүрөк жана кант диабети менен   ооруган адамдар  көп кайрылууда.  Мындан сырткары айыл өкмөт тарабынан жардамдар берилип келинүүдө.

IMG_20150214_112932

“Терапиялык бөлүмүбүз жаны ачылды  бул бөлүмдүн ачылышына айыл өкмөт түздөн-түз жардамын берди, бирок бир гана кемчилик  суу кетүүчу түтүктөр жок” -деп кошумчалады  Хабибуллаева.

IMG_20150214_113441

Хокимов Умиджон аталган  оорууканын терапиялык бөлүмүндө  дарыланып жатат. Анын билдиришинче, бул жердеги шарттар  жакшы дарыгерлер тарабынан керектуу кызматтар көрсөтүлүп жатканын жана азырда жакшы абалда экенин айтып өттү.

IMG_20150214_112706

Бул оруукана Үч-Коргон айылынын борборунда жайгашкан  мындан эки уч жыл мурдагы абалына салыштырганда шарттар жана көрсөтүлүп жаткан кызматтар жакшы  денгээлде. Ооруукана жалпы Үч-коргон айыл округуна кызмат көрсөтүп келүүдө.

IMG_20150214_113615

Даярдаган: Абдилла у Сапарали, Бекмурза у Дастан.