Ооган жоокерлеринин үй-бүлөлөрүнө камкордук

1189

20150212_093821

14-февраль интернационал жоокерлердин күнүнө карата каза болуп калган Сүлүктүлүк ооган жоокерлеринин үй-бүлөлөрүнө, балдарына барып куран окутулуп акчалай жана көмүр менен жардам берилди. Бул ишчараны Сүлүктүлүк ооган жоокерлеринин уюмунун төрагасы А. Кенжебаев жана мүчөлөрү тарабынан уюштурулду.

20150212_102425Иш- чарага шаардык Кеңештин депутаты ,, Кызыл-Булак»  ЖЧКнын директору Карабаев Исманали Джумабаевич демөөрчү болуп, ар бир үй-бүлөгө 1 тонна бекер көмүр жана акчалай жардам берди. Иш-чарага шаарда канча интернационалист жоокер болсо баары катышты.

Кабарчы:            Анварбек Тухтаров