Кызамык менен жабыркагандар көбөйүүдө

4895

6747

Учурда балдар арасында кызамык күч алган мезгил. Бул ооруну  кыргыз элинде кээ бир жерлерде кызыл көйнөк деп да атап келишкен. Кызамык-вирустар козгоочу, тез арада жугуучу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, абаны булгайт. Кызамык менен бардык жаштагы кишилер ооруйт.

Ак-Талаа  райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн врач инфекционисти Көкөтаева Аидага бир нече суроолор менен кайрылдык:

20150119_152542

Оорунун биринчи белгилери кандай болот?

Адамдын  алы кетип, дене табы көтөрүлүп,  анан денесине кызыл тактар пайда болот. Мунун да этапный түрдө болот  биринчи башына,   кийин денесине андан кийин бут  жактарына  пайда  болот.

Кызамык оорусунун кандай коркунучтары бар?

Бала ооругандан кийин көзгө коркунуч жаратса, көз көрбөй калышы мүмкүн, баш мээсине коркунуч жаратса кийин бала чоңойгондо акыл-эси жетишсиз болуп калышы  ыктымал  жана  өпкө оорусунун күчөшүнө  алып келиши мүмкүн.

Ак-Талаа райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө кызамык менен жабыркаган 8 адам дарыланууда. Булардын ичинен бирөө 5-класстын окуучусу. Өтө тез жугуштуу ооруну алдын алуу иштери мектептерде кандай жүрүүдө деген суроо менен Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин социалдык педагогу Жангазиева Бурулга кайрылдык.

20150207_100533[1]

Азырынча биздин  мектепте кызамык  оорусу менен ооруган балдар каттала  элек, бирок биз алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз, үй-бүлөлүк медицина боборунан дагы врачтар келип окуучуларга  лекция  окуп кетти. Класс жетекчилер  дагы класстык сааттарды өтүп, ар кандай  тегерек столдорду, аңгемелешүүлөрдү өткөрүп жатабыз. Бардык  класста санитардык  бурч уюштурулду, мектептин ичинде санитардык  бурч бар. Анда кызамыктын бардык белгилери,  сактануу жолдору  жазылган.

Ооруп айыккан адамда туруктуу иммунитет пайда болот. Бирок эмдөөнү өз убагында жүргүзсө оору жукпайт дейт атын атагысы келбеген замандашыбыз.

Кызамык эң жаман оору деп айтышат.  Балага 1 жашынан баштап  эмдөө жүргүзүш керек,экинчи эмдөөсүн 6 жашында жүргүзүү керек. Эмдөөгө дайыма барып туруу керек. Балдарды ата-энелер эмдөөдөн калтырбашы керек,эмдөө болсо анан кызамыктан сактанууга болот.

Дарылоону дарыгер жүргүзөт. Оорулуу баланы тынч жаткыруу, жеңил сиңирүүчү тамак берүү талапка ылайык. Өздүк гигиенаны сактап, ар бирибиз ден-соолукка кам көрөлү.

Даярдагандар:  Нурпери Муратбекова, Калида Кубанычбекова