Токтоян: Жаңы жыл менен бирге жаңы мектеп курула баштады

983

image

Мектептин курулуш иштеринин башталганына бир ай болду. Курулуш иштерине мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп берилди. «Жалпысынан  45 млн сом бөлүнүп берилди. Мектептин ордун түздөп казганга 2 млн сом кетти», —деди айыл башчы Атабек Албанов.

Окуучулар жаңы мектеп курулуп жатканына кубанычта. Алардын сүйүнүчүнө чек жок. «Жаңы мектеп эки кабаттуу болуп, ичинде лабораториялык кабинеттер, спорт зал салынат деп жатышат. Мектебибиз эртерээк салынып бүтсө экен»,—дейт 10-класстын окуучусу Мадина Асанова.

image

Салынып жаткан мектеп шаардын мектептериндей болот деп элестетем дейт 3-класстын окуучусу Акбермет Алиева.
«Мектептин ичинде чоң китепкана, чоң-чоң класстар болуп, ичи таза, жарык жана жылуу бардык шарты менен болот деп ойлойм»,-дейт ал.

image

Ал эми кыргыз тили мугалими жаңы мектептин салынышы окуучуларга жакшы шарт түзүп берерин айтты.
«Азыркы окуп жаткан мектебибизде класстар жетишпейт. Эки смен менен окуйбуз. Мектептин биздин айылга салынып жатканы чоң сыймык,»— дейт Канат Асанакунов.

image

Азыркы окуп жаткан мектебибиз аймактагы эң эски мектеп экенин мектеп директору баса белгиледи.
«Мектеп 1958— жылы курулган.  Эки чоң жер титирөөгө учураган.
Жаңы  мектепте лабораториялык кабинеттер, актовый зал, ашкана ошону менен бирге спорт зал курулганы турат»,—деди Калык Албанов.

image

Жаңы мектепти куурулуу иштери тезирээк аяктап, жаңы мектепте окууну окучуулар чыдамсыздык менен күтүүдө.

Даярдагандар: Гүлжан Нуркасым кызы, Темирлан Кыдыров.