Ноокат: Арбын айылынын чыгаан көк бөрүчүсү

2713

20150117_103644

Ноокат районуна караштуу Арбын айылындагы өзү жаш болсо да көк бөрү менен алек болуп, бир топ ийгиликтерге жетишип, туулуп өскөн айылынын атын Алайга, даңкын далайга чыгарган бул Ысмайыл уулу Элчи.

20150117_103613
Айылыбызда азыркы учурда көк бөрүчүлөр көбөйүп жаткандыктан алар жаштарга бош жүрбөй бир иштин үстүнөн чыгуусуна, ошондой эле кыргыздын улуттук оюндарына болгон кызыгуусун арттырууда чоң өбөлгө түзүүдө. Анын көк бөрүгө болгон кызыгуусу жаштайынан эле пайда болуп айылдагы көк бөрү оюндарына катышып, өзүнөн улуу көк бөрүчүлөрдү көрүп кызыгуусу пайда болгон.

20150114_104940
Ысмайыл уулу Элчи көк бөрү оюндарына көп ирет катышып баш байгелердин ээси болгон. Алардын көрүнүктүүлөрү бул 2014-жылы “Мерседес 230” үлгүсүндөгү 2 унаага жана “жук ташуучу камазга” жана башка сыйлыктарга ээ болгон.

20150114_095147
Көк бөрү оюнунда көк бөрүчүнү алга сүйрөгөн, көп ийгиликтерди алып берген анын астындагы күлүгү болуп эсептелет.

20150117_105519

Даярдаган: Нурзат Азимова