Токтоян: Интернеттин балдарга тийгизген таасири

1108

image

Азыркы учурда  мектеп окуучулары  интернетке кирип убактысын көп коротуусу адатка айланып калды.

10- класстын окуучусу Эмил уулу Кемелдин айтымында азыркы учурда техника тез өнүгүп, жаштар техниканын тескери тараптарын алууда.

«Интернетте балдарга дагы зыян нерселер көп деп ойлойм. Мен интернетке көп деле кирбейм кээде маалымат алыш үчүн эле кирем», — дейт ал.

image

Айыл тургуну Шайыков Султан өз оюн төмөндөгүдөй билдирди:

«Окуучуларды интернеттен алысташтырып сабака кызыктырыш үчүн мугалимдерге кайрылуу керек. Себеп дегенде мугалимдер сабактарды кызыктуу кылып өтүп жаны маалыматтарды берип өтсө менин оюмча интернетке аз киришмек деп ойлойм.»

image

Интернеттен балдарды алыстатыш үчүн ата-энелерда чоң ролду ойнойт. Себеби бала үйгө барганда ата-эненин карамагында болот. Окуучу саат 8:00дөн 12:30 га чейни мектепте андан кийин үйүнө барышы шарт. Бала акча сураганда ата-эне сурактабай бере бербеши шарт жана аны көзөмөлдөшү керек.

Автору: Сыймык Максат уулу