Куланак: Шернар — таланттуу сүрөтчү

671

IMG_20141206_124114

Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев орто мектебинин 6-клаасынын окуучусу Мирбек уулу Шернар аябагандай талантуу жаш сүрөтчү. Анын айтымында  сүрөт тартканга кичинекей кезинен  эле кызыккан. Азыр  болсо сүрөтчүлүк өнөрүмөн башка күрөшкө да кызыгам. Азыркы учурда мектептин спорт  залында күрөш менен машыгып жатам. Мен келечекте мушкер болгум келет”, — деди Шернар.

Ал эми Шернардын досу Рахатбек уулу Мергенша досу жөнүндө мындай  деди. “Шернар абдан жоош  жана тартиптүү бала.   Достор жана классташтары үчүн  жардамын аябайт.  Ошондой эле мектебибиздин  үлгүлүү окуучусу”.

IMG_20141205_153820

Шернардын мугалими Майрам Токсобаева эженин айтымында караганда мектептин жетекчилери жана окуучулары  Шернар менен сыймыктанат. “ Келечекте Шернар Кыргызстандын таланттууларынын бири болот деп ишенебиз. Шернар окууларына активдүү катышат жана кабыл алуусу жакшы”-, деди мугалим Майрам Токсобаева.

IMG_20141206_124039

IMG_20141206_124132

 

Мектептин  сүрөт сабагынан берген Ишенаалы  Майлыбаев  агайдын айтуусунда Шернар сынактарга 5-класстан  баштап катыша баштаган. Ал өрөөндүк, райондук сынактарда алдыңкы орундарга жетишкен. “Шернар сүрөттөрдү абдан жакшы тартат. Эгерде улантып кетсе чоң сүрөтчү чыгат. Ал сүрөт  тартканды аябай жакшы көрөт. Келечекте Шернарды чоң сүрөтчү болушуна биз көмөк  көрсөтөбүз “,-деди агай.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

IMG_20141206_124229

Азыркы учурда Шернардын сүрөттөрү мектептин чоң залында илинип турат. Келген адамдардын көңүлүн алып,  мектепке кооздук берет.

Даярдагандар: Айзат Асанова,  Ырыскул  Акматбек кызы, Уулкан Асанова, Адилет Жолдошбеков,  Элина Алмаз кызы.