Куланак: Улуттук оюндар эч качан унутулбайт

2921

20141213_121143

Кыргыздын улуттук оюну болгон тогуз коргоол оюнун Нарын облусундагы Куланак айылындагы мектеп окуучуларынын мүмкүнчүлүгү жоктугунан улам төө буурчак менен ойноошууда.

Тогуз коргоол оюнун  жан дили менен ойноорун  8-класстын окуучусу Ырыскүл Акматбек кызы  өз сөзундө айтты:  “Тогуз  коргоол оюну мага абдан жагат. Себеби бул оюн акылыңды өстүрүп ой жүгүртүүндү жакшыртат,”- дейт Ырыскүл.

20141213_160547

 

Бул оюндун дене тарбия сабагында ойнотулушу эн жакшы жөрөлгө деп,  өз сөзун баштады,  мектеп деректорунун орун басары Жазгуль Кадыралиева. “Тогуз коргоол оюну  3-4-класстардан баштап окуу  программасына киргизилген . Бул оюн мектеп программасына киришинин себеби,  окуучулардын акыл жөндөмдүүлүгүн өстүрүп. Математика сабагы менен да байланышы бар”- дейт Жазгуль Кадыралиева.

20141213_121058

Эгерде жаш муундар бул оюнду кызыгуу менен ойношсо тогуз коргоол оюнунун унутулуп калбашына эч күмөнүбүз жок.

Даярдагандар: Зулайка Мирлан кызы, Рахат Марат уулу, Баяман Барыктабасов, Медер Асыкулов.