Жамааттык ЖМКлардын ыктыярчылары мобилдик колдонмолор менен иштегенди үйрөнүштү

1954

image

Тренингди өтүп жаткан «Клооп Медиа» коомдук фондусунун кызматкери Элмурат Аширалиевдин айтымына караганда, бул окуунун максаты мобилдик колдонмолорду издеп табуу жана аларда иштөөнү үйрөнүү. Бул семинарда жыйырма ыктыярчы катышты. Алар Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Чүй облустарынан келишкен.

image

Тренингге катышуу үчүн Талас облусунун Бакай-Ата айылынан келген Алижан төмөнкүлөргө токтолду. «Бул семинар мага абдан жакты, себеби биз бул чогулуштан көптөгөн нерселерди үйрөндүк. Ушул жаш балдарга көп нерсени үйрөткөнүнө рахмат»,-дейт Куттубеков Алижан.

Тренинг учурунда катышуучулар видеону кесүү, үн жаздыруу, сүрөттөрдүү кесүү, текст жазуу боюнча мобилдик колдонмолорду колдонууну үйрөнө алышты.

Даярдагандар: Алижан Куттубеков, Бакай Сапаралиев.