Үч-коргон жаштар борборундагы ыктыярчылар Кажы-Сай айылына жардам көрсөтүшөт

785

14-ноябрда Ысык-Көл облусунун аймагында болгон зилзаланын кесепетинен үч миңден ашуун жеке турак жай жана социалдык объектилер жабыркаган.  Анын ичинен 400 дөн ашуун турак жай жарактан чыккан. 

Бул окуяга Үч-коргон жаштар борбору да кайдыгер караган жок. Ыктыярчылар демилгеси менен Үч-коргон айыл аймагына караган Калтак жана Боз айылдарына ыктыярчылар  бөлүнүп атайын кутуларды жасашып акча чогултушкан.

IMG-20141212-WA0031

Ыктыярчыларды жетектеген Дастан Заиров, ал Үч-коргон жаштар борборунда ыктярчы болуп кызмат кылат.  Анын айтымында жабыркаган мекендештерибизге колдон келген жардамды беришке даяр экендиктерин кошумчалады.

IMG-20141212-WA0030

Айыл тургундары да бир добуштан ыктыярчыларды колдоп кубатташып көңүлүнөн чыккан акчаны кутучуларга салышкан. Маалым болгондой ыктыярчылар  жана айыл тургундары азбы көппү Кажы-Сай айылынын тургундарына жардам бергенге салымдарын кошушат.

Даярдаган: Атабек Арипов