"Милициянын жаш жардамчылары” сынагы болуп өттү

3356

20141212_150102

Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн   атайын түзүлгөн жобосунун негизинде  “Милициянын  жаш жардамчысы”   сынагы   Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинде  3 мектептин окуучуларынын  катышуусунда болуп өттү. Сынакта   “Жаш жардамчылар”   катарда марш менен ырдап басуу,  кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин сүрөтүн тартуу жана өмүр баянын айтып берүү, автоматты чачып,  белгилүү убактыттын ичинде жыйноо  жана Ата Мекенди даңазалап ырдоо  сыяктуу   5 тапшырманы аткарышты.

Сынактын жүрүшүндө калыстар тобу иштеп, жыйынтыгында Б. Мүсүралиева атындагы орто мектеби  1-орун, ал эми Э. Карасартов жана Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин жаш жардамчылары 2-орунду камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан белектер жана Ардак грамоталар менен тапшырылды.

20141212_154213

20141212_150301

 Даярдагандар:  Кубанычбекова Калида, Каныбекова Адина