Жерге — Тал: Оорукананын имаратында бала бакча ачылды

2396

20141210_134525

 

Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл өкмөтүндө жайгашкан Тогуз-Булак чөлкөмүндө ачылган “Ак тилек” балдар бакчасы ишке кирди. Балдар бакчасынын директору Гүлзат Шамбетованын айтымына караганда “Ак тилек”балдар бакчасынын түптөлгөнү 2010-жыл башталган. Ошол убактан бери имараттын жоктугуна байланыштуу ачыла албай жаткан.

Балдар бакчасынын директору Гүлзат Шамбетова: Бала бакча 2014-жылдын март айынан баштап, ишке кирди. Март айынан сентябрь айына чейин өзүбүздүн каражат менен иштедик. Октябрь айынан баштап бала бакчабыз бюджетке кирип, кызматчыларыбыз айлык акы менен камсыз болушту. Бала бакчабыз бюджетке киргенге чейин бакчабызда эч кандай шарт болбосо, бюджетке киргенден соң үч убак ысык тамак, уктоочу бөлмөлөр жанажылуулук менен камсыз болушту.

20141210_134902

 Даярдагандар: Мээрим Мирлан кызы, Муратбек Жолдошбек уулу, Нурзат Жылдызбек кызы, Жыпара Токтобекова