Кара-Суу айылына таштанды таштоочу жай керек

732

20130327_150740

Жайыл районунун Кара-Суу айылы 3-4 жылдан бери өсүп өнүгүүдө. Жаңы үйлөр салына баштады жана алардын тегереги тосулуп, көчөлөр оңоло баштады. Айылда бала бакча ачылды, электрондук китепкана жана мультимедиаборбор иштеп жатат. Кара-Суу айылы чакан айыл болсо дагы бир топ ийгиликтерге жетишти.

Бирок айылда дагы бир элдин жүрөгүн кейиткен бир чоң көйгөй бар. Тургундардын айтуулары боюнча айыл ичи ар кандай таштандыларга толуп кеткен. Тургундар таштандыны каалаган жерге ташташып, айылды таштанды басып бара жаткандыгы тууралуу сурамжылоодон билдик. Айтсак Жылдыз көчөнүн тегерегинде таштанды өтө эле көп экендигин белгилүү, ал эми клубдун арт жагына өлгөн музоо,

20130327_150643

Ит, мышыктардын өлүктөрун таштап жаткандар бар экенин айтышты. Ошондой эле айылыбызга ылдый жактан кире берген жолдун жээги таштанды таштагыч жай болуп, ары-бери өткөндөрдүн көңүлүн кейитет.

Мына ушул көйгөйдү чечүү үчүн айылдыктар таштанды таштоочу жай айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилсе жакшы болот эле дешет. Жана тургундарды тегерек четти булгабай тазалыкты сактасак айылыбыз көркүнө келип, ажайып айыл болот эле дешет.