Баетов айылында жаңы мектептин курулушу башталды

2238

Лиiiдaa-0058[1]

Нарын облусуна караштуу Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде 800дөн ашык окуучу билим алат. Бул мектеп төрт корпустан туруп, эки корпусу гана окууга жарактуу болгондуктан жаңы имараттын салынышына муктаж. Учурда бул мектептин бир корпусу жараксыз деп табылып, ордуна жаңы имаратты куруу иштери башталды. Мектепте башталган куруу иштери боюнча кабарчыбыз мектептин директору  Гүлмира Бектемишовага кайрылган.

20141122_110002[1]

-“Мектептин биринчи корпусу авариялык абалда болгондуктан, Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин чечими менен бузулган, ошол себептен окуу процесси эки корпуста болуп, окууга мумкунчулук кичине азыраак болуп жатат. Жаңы корпус бардыгына керек. 275 орундуу болуп салынганы жатат, 2016- жылдын октябрь айында пайдаланууга берилет деген пландар бар. Курулушка республикалык бюджеттен акча каралып, камсыз кылынат”, — деди Гүлмира Бектемишова.

Жаңы мектептин курулуп жаткандыгына мектеп окуучулары кубанып жаткандыгын жашырган жок. Анткени жаңы мектептин курулушу менен жаңы эмеректер жана жабдыктар келет деген үмүттө. 8-классынын окуучусу Жанышбекова Калия өз оюн төмөндөгүдөй билдирди.

20141122_111316[1]

-“Бул мектеп курулуп жаткандыгы жакшы деп ойлойм окуучулар жаңы дем куч менен окушат”.

Асизбеков Алим 11-класстын окуучусу. Ал жаңы мектеп курулса, окуучулардын билим деңгээли жогорулайт деп ишенет.

-“Бул мектеп курулса,  бизге пайдасы тиет деп ойлойм.  Анын  артынан биз көптөгөн ийгиликтерди багындырганга аракет кылабыз,  бизге орундар жетишсиз жаңы мектеп курулса орундар жетишет деп ойлойм”.

Билимдүү болсон озосуң  дегендей жаш муундардын келечекте билимдүү болушу үчүн жаңы мектептер жана билимканалар замандын талабына ылайык  курулат  деген ишеничтебиз.

      жаны мектептин курулушу башталды

Даярдагандар:  Үмөткулов Ислам, Айбекова Айзада, Талантбекова Анара