Сүлүктү педагогикалык колледжи достук фестивалында 1-орунду алды

778

Batken2014-j17-no9br3312

Баткен Мамлекеттик Университетинде институттар жана колледждер арасында 17-ноябрь күнү достук фестивалы болуп өттү. Фестивалдын максаты жаштардын талантын өркүндөтүү менен улуттар аралык достукту чыңдоо.

Фестивалда жаштар улуттар аралык достукту көрсөтүү менен кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын көрсөтүштү. Кыргыздын улуттук аспаптарында ойноп, өнөрлөрүн тартуулашты. Сынактын жыйынтыгында Сүлүктү педагогикалык колледжи 1-орунга, БатМУнун институту 2-орунга, Кызыл-Кыя педагогикалык колледжи 3-орунга ээ болушту.

Фестивал жүрүп жаткан учурда Сүлүктү педагогикалык колледжинин студенткасы Садридин кызы Гүлмиранын пикирин сурап өттүк.

Batken2014-j17-no9br3311

«Фестивал мен учун аябай жогорку деңгээлде өттү.   Мага бул иш-чарада чек арадагы көрүнүштөр даана чагылдырылып, жаштарды ынтымакка үндөлгөнү жакты»,- деди Гүлмира.

Ийгиликти багынткан окуу жайларга сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылды.

Даярдаган: Перизат Ташова