Баетов: Мектеп ашканасынын жабдыктары жаңыртылды

750

20141005_082220[1]

Баетов айылындагы Бакый Мүсүралиева  атындагы орто мектебиндеги балдар тамактануучу ашкананын жабдыктары ата-энелердин жардамы менен жаңыртылды. 1-4-класска чейинки окуучулардын ата-энелери жалпысынан 10 200  сом  чогултушуп,  бул каражатка ашкана үчүн нан салгыч, тамак жасоочу жабдык, самоор, чайник жана газ меши сатылып алынды.

Мектеп директору  К. Эсеналиевдин айтымында ата-энелер  чогулушунда камкорчулук кеңеши түзүлүп, жогорудагы маселе көтөрүлгөн. Кеңештин демилгеси жана ата-энелердин колдоосу менен ашкана жабдыктары жаңыртылып, тамак берүүдө кыйынчылыктардан бир аз арылды.

20141005_082139[1]

Даярдаган:   Айбекова А.